Мартта Токтогул ГЭСинин бир агрегатынын иши токтотулат
5-марттан тарта Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, №1 гидроагрегат план боюнча 15-февралда реконструкцияга берилиши керек эле, бирок аба ырайынын төмөндөгөнүнө жана электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу март айына жылдырылган.
«Быйыл эртерек реконструкциага берүү зарыл, себеби кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылгандыктан кийинки 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине кирүүгө үлгүрүү керек», — дейт мекеме.
Учурда Токтогул ГЭСте 1320 МВт кубаттуулуктагы 4 агрегат иштейт.