Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт

29-февраль күнү Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында өчүрүлөт.

"Бул күнү "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу топтомолору жана шаардык суу түтүк тармактары оңдолмокчу", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.

13:56, 27-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар