Сот  11 журналистке өкүм чыгарды

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live’да мурда-кийин иштеген 11 журналистке өкүм чыгарды. Белгилүү болгондой, алар “массалык башаламандыктарга чакырык жасоого” айыпталып жаткан.

Кылым шамы коомдук фонду билдиргендей, сот журналисттердин төртөөнө жаза берип, жетөөнү актаган.

Temirov Live’дын директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле “Айт айт десе” долбоорундагы акын Азамат Ишенбеков 5 жылга абакка кесилди.

Temirov Live’дын журналисти Айке Бейшекеева менен «Алга Медианын» негиздөөчүсү, журналист Актилек Капаров күнөөлүү деп табылып, ошол эле учурда эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулду. Аларга 3 жылдык пробация берилди.

урналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева өкүм чыкканга чейин камакта болду.

Милиция 11 журналистке тең массалык башаламандыктарга чакырык жасоо айыбын койгон.

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

 

14:08, 10-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар