УКМК парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевди чакырып сүйлөштү

УКМК парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевди чакырып сүйлөштү. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Сыдыгалиев буга чейин Жогорку Кеңеште "Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун иши токтотулганда прокуратура тарабынан коррупцияга жол берилгенин билдирген.

Вице-спикер мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен "Мегакомдун" мурдагы жетекчисинин катышуусунда жүргүзүлгөн иликтөө андай эмес экенин көрсөткөн. Сыдыгалиев өзү да айткандарын тастыктай турган фактылары жок экенин мойнуна алган.

УКМК Сыдыгалиевдин айткандары чындыкка дал келбей турганын жана чагымчыл мүнөзгө ээ экенин билдирип, бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушун шарттап, элдин бийликке болгон ишенимин жоготушу мүмкүн экенин белгиледи.

Атайын кызмат парламент төрагасынын орун басарын мындан кийин эл алдында такталбаган билдирүүлөргө жол бербөөгө чакырды.

 

13:08, 17-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар