Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган

"Альянса расследователей Беларуси" иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.

Беларус иликтөөчүлөрү Курманбек Бакиевге Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан. Бирок, Курманбек Бакиев кийин Закир Салиев деген ысым менен ID номерлүү экинчи паспорт алган.

Башкача айтканда, ал өлкөдөгү Закир Салиев деген жаран – Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев экени аныкталган. Беларус иликтөөчүлөрү Бакиевге эмнеге экинчи паспорт керек болгонун айтып беришкен.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматында, Курманбек Бакиевдин үч аялы болгондуктан айрым балдарына Закир Салиев деген паспорт менен документ алган.

Видео иликтөөдө Курманбек Бакиевдин жакын туугандары, анын ичинен Жаныш Бакиев, Асылбек Салиев дагы эки паспорт алганы баяндалат. Журналисттер Бакиевдин туугандары беларус документтери менен КМШ эмес, Европа өлкөлөрүнө чыгып жүргөнүн билдирди.

Беларус иликтөөчүлөрү Бакиевге жана анын үй-бүлөсү, жакындары мыйзам бузуу менен документ берилгенин белгилеген. Өз өлкөсүндө соттолгон Бакиевдердин Беларустагы бизнес, байлыктары жөнүндө баяндап беришкен.

Алдаба
15:43, 11-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар