Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы дагы бир вакцина алды
Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алып, башкаларды да алууга чакырды
Ал "Синовак" препараты менен эмделген.
Саламаттык сактоо министри кыргызстандыктарды ооруларды алдын алуу учун вакцинациядан өтүүгө чакырды.
"Кыргызстанда COVID-19 боюнча кырдаал туруктуу. Бирок ДССУ көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандар көбөйгөндүктөн беткап тагынып, эмделүүгө үндөп жатат", - деди министр.
Учурда өлкөдө коронавирустун биринчи дозасын 1,7 млн адам алса, үчүнчү дозасы менен 430 миңи эмделди.