Бишкектин жанындагы айланма жолдо цех өрттөнүп кетти

Бишкектин жанындагы айланма жолдо цех өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрттү өчүрүүгө таңкы саат 03:41ден тарта жалпы беш бригада жана штаб тартылган. Саат 04:56да жалын чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.

"Өрт өчүрүүчүлөр ишкананын ичинен 10 кислород баллонду сыртка чыгарып, жарылууну алдын алышкан. Такталган маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын эмнеден келип чыкканы текшерилип жатат", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМден жалпы аянты 360 чарчы метрди түзгөнүн жана аталган жайда темир буюмдар жасалганын айтышты.

14:22, 19-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар