Кыргызстандык спортчулардын формасы 36 миң сом түздү
2024-жылкы Олимпиада оюндарына карата Кыргызстандын курама командасынын формасы ушундай болот
Аны ата мекендик дизайнерлердин тобу: Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Арановский Владимир Михайлович жана Нурсултан Муратов иштеп чыгышкан.
Формалардын бир комплектинин (трикотаж пиджак, юбка/шым, куртка жана бут кийим) баасы 36 миң сомду түздү.
Форма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсүн чагылдырат жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыздайт.
Форма, анын ичинде бут кийим, толугу менен ата мекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттагы материалдардан жасалган.