“Аалам Строй” компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкек шаарындагы Анкара көчөсү 5 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн чатырында чыккан өрттөн кийин ал көп кабаттуу үйдү куруп жаткан “Аалам Строй” курулуш компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечимди ишкана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн агенттиктин лицензия берүү боюнча комиссиясы кабыл алган.

Анкара көчөсү 5 дарегиндеги “Аалам строй” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырынан 12-августта өрт чыгып, 850 чарчы метр аянты күйгөн. Аны өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү автоунаа, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган. Кырсык болгон имаратка жакын жайгашкан 9 кабаттуу эки турак жайдын тургундары коопсуз жерге көчүрүлгөн.

10:06, 14-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар