ӨКМ кызматкерлери үйүнө камалып калган 4 жашар баланы куткарды

Каракол шаарында үйүнө камалып калган 4 жашар бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  5-кабатындагы батирдин эшиги бекилип калган.

Куткаруучулар  үйдүн чатырынан түшүп, терезеси аркылуу кирип, бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Учурда наристенин абалы жакшы, жабыр тарткан эмес.

10:14, 31-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар