Чолпон-Ата шаарында жаңы кичирайон курулат
Министрлер кабинети аны куруу үчүн жер бөлүп берди. Аймакты өздөштүрүү үчүн Ысык-Көл облусунун администрациясы 1 гектар, ал эми Чолпон-Ата шаарынын мэриясы 34 гектар жер бөлүп берет.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, учурда Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз берген 3 миңден ашык адам бар.