Папан суу сактагычына жардан кулаган жаран куткарылды

Оштогу Папан суу сактагычына жардан кулаган киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы А.К. аттуу эркек киши Кара-Суу районунда жардан кулап, суу сактагычтын аймагынан чыга албай калган. Жерине райондон төрт куткаруучу тартылып, жабырлануучуну чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда куткарылган адамдын абалы жакшы экени кошумчаланды.

11:11, 11-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар