Транспорт министрлигине 453 жаңы атайын техниканы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган.

Касымалиев жаңы техникалар жол кызматтарына ишин натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөрүн айтып, техниканы жоопкерчилик менен колдонууга чакырган.

18:30, 30-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар