“Альянс Алтын” алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбук белек кылды (Сүрөт)
Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы өнүктүрүү фонду аркылуу Талас облусундагы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон 8 окуучуга ноутбук, аларды даярдаган мугалимдерге 10 миң сомдон сый акы тапшырды.
Сыйлоо аземи 30-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө болуп,облус жетекчиси Нурлан Дарданов жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаевдин катышуусунда болду.
“Билимдүү жаштарды колдоо жана кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө стимул болсун деген максатта “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду ар дайым билим берүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүп келет”- деди фонддун директору Батырбек Качкымбаев.
“Биз дайым билим берүү тармагын жогорулатуучу долбоорлого колдоо кылабыз. Бул жолу дагы облусубуздагы мыкты бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана аларды окуткан мугалимдерине колдообузду көрсөтүп жатабыз. Келечекте Талас облусуна, өлкөбузгө пайдасын тийгизген мыкты атуулдар азыркы “Алтын тамга” алган окуучуларыбыздан чыгат деп толук ишенебиз”, - деди Б. Качкымбаев.
Облус башчысы Нурлан Дарданов, окуучулар, мектеп жетекчилери мындай колдоосу үчүн “Альянс Алтын” компаниясына жана өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылыгын билдиришти.
Эске сала кетсек, "Алтын тамга" артыкчылык аттестаты үчүн КРнын Билим берүү министрлиги тарабынан өткөрүлгөн сынакка Талас облусу боюнча 82 бүтүрүүчү катышкан. Анын ичинен 8 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушкан.