Бишкекте 70 жаштагы дене тарбия мугалими 2-класстын окуучусуна ыдык көрсөткөн
Бишкекте 70 жаштагы дене тарбия мугалими 2-класстын окуучусуна ыдык көрсөткөн
Бишкек шаарынын тургуну мектептеги дене тарбия мугалими анын 2-класста окуган кызына сабак учурунда адепсиз жоруктарды жасаганын айтып милицияга кайрылган. Аталган факты жоруктарын реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Маалым болгондой, окуучулардын дагы бир нече ата-энелери бул мугалимге карата ушундай билдирүү менен арызданышкан.
Учурда 70 жаштагы И. А тергөө кызматына жеткирилген. Ал айыптоолорду четке кагууда.
Окуя боюнча экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында мугалимдин аракетине юридикалык баа берилет, деп кошумчалады шаардык милиция.