Улуттук банк 2023-жылы алтындан канча каражат тапкан?

2023-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 17 тонна 70 кг алтын сатып, ал операцияларынан 1 млрд 90 млн доллар каражат тапты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

“Алтынды тышкы рынокто сатуудан түшкөн валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине которулат. Эл аралык камдар, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн валюталык каражаттар Министрлер кабинетинин милдеттенмелерин аткарууга жана Улуттук банктын операцияларын жүргүзүү үчүн пайдаланылат”, – деп билдирди мекемеден.

Бириккен Улуттар Уюмунун статистикасына ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында Швейцария, Түркия, Гонконг жана Италия Кыргызстандан жалпы көлөмү 20 тонна 616 кг алтын сатып алышкан. Алардын импорттук суммасы 1 млрд 321 млн доллардан ашкан.

12:34, 07-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар