Акылбек Жапаров бардык үйлөрдү жыл аягына чейин камсыздандырууну тапшырды
Бул тууралуу ал 2024-жылдын 9 айында республиканын ар кайсы аймактарында болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешмеде айтты.
МинКаб башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу зонада жайгашкан үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды. Бул мындай жагдайлар кайталанган учурда жарандарды финансылык жактан коргоону камсыз кылат жана турак жайынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кесепеттерин азайтат.
Камсыздандыруу адамдардын жаратылыш кырсыктарынан тезирээк сакайып кетишине жана мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берүүчү маанилүү курал болуп калат.