Боорончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев Куранга тиешелүү тамаша үчүн кечирим сурады
Белгилүү болгондой, куудулдар эки ай мурун тамаша койгон. Андагы туура эмес колдонулуп калган жери интернетте тарап, бегилүү аалым Абдүшүкүр Нарматов телефон аркылуу Тынар Курбаналиев менен Боорончу Кудайбергеновго насаатын айткан.
Боорончу Кудайбергенов негизинен Курандагы сөздү туура максатта колдонуу ниети болгонун, бирок тамашага кандай гана мааниде болбосун Курандагы сөздөрдү пайдалануу өзү күнөө болоорун кийин билгенин айтты.
Тынар Курбаналиев да мечитке тообо кылганы келгенин айтып, жалпы элден кечирим сурады.