“Hyde Park” эс алуу борбору кардарларга тандалма мамиле кылабы?

Бишкектин жет жакасында жайгашкан “Hyde Park” эс алуу борборун билесиздерби?

Мына ошол эс алуу борборунун администрациясынын айтуусу боюнча, алардын кардарларынын басымдуу бөлүгү  орус тилдүү жана төлөөгө жөндөмдүү болгон шаардыктар экен.

Алардын айтымында, кардарлардын көбү орус тилдүү акчалуулар, мындан улам алар кыргыз тилдүү кардарларга көп көңүл бөлүшпөйт. Бул дегени “кыргыз тилдүү кардарлар биздин эс алуу борбордо эс алууга чамасы келбейт”,- дегенди билдиреби?

Деги эле мындай мүмкүнчүлүгү чоң эс алуу борбору эң биринчи кызматкерлерине кардарды кабыл алууну, адам менен жылуу учурашууна үйрөтүш керек экен.

14:52, 20-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар