"Крокус Ситидеги" чабуулдун курмандыктары 143кө жетти
28-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Крокус Сити холл» борборуна болгон чабуулда набыт болгондордун тизмесин толуктады. Бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 143кө жетти.
Аталган мекеменин расмий сайтында тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турары эскертилген.
27-мартта күнү ооруканага жеткирилгендердин бири каза болгонун Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирген.
Министр дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын да абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.