«Досум, “братым-сватым” да эмес». Президент депутаттын билдирүүсүнө комментарий берди

Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министр жөнүндө айткан акыркы билдирүүлөрү себеп болду. Эл өкүлү чоң трибунадан министр президенттин ишенимине кирип, туура эмес иштерди жасап жаткандыгын айтып чыкты. Депутат-министр тирешине байланыштуу «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту.​

«Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм. Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса, анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коёюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек. Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса, сөзсүз жазалайбыз», — деди президент.

16:30, 04-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар