“Сосновка” жана “Арал” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бүгүн, 22-январда таң эрте Чүйдөгү “Сосновка” жана Жалал-Абаддагы “Арал” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мындай чечим Бишкек – Ош жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынган.