Бишкек мэриясы: Коомдук транспортто жол акы төлөбөгөндөргө 3000 сом айып пул салынат
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко түшүп, бирок жол кирени төлөбөй койгон жүргүнчүлөргө үч миң сомдук айып сала баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.
Вице-мэр автобус, троллейбустарда көзөмөлдөөчү бригада иштей турганын айтты.
"Картаны аппаратка тийгизип төлөгөндөй түр көрсөтүп коюу схемасы эми иштебейт. Көзөмөлчүлөр жүргүнчүнүн картасын алып система аркылуу текшерет. Эгер төлөбөгөнү аныкталса айыпка жыгылат", — деди Сазыкулов.