Бишкек-Алматы жолунда унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Ал эми Казакстанда аба ырайы начарлап, Кордай ашуусу жабылганына байланыштуу Бишкек-Алматы жолунда унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.
Чек ара кызматы узак жолго чугууда аба ырайынын шарттарын эске алууну, жолдун ар кайсы тилкелеринде узакка токтоп турууга даяр болууну, керектүү буюмдарды камдап алууну сунуштайт.