Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласыл Садырбаева дүйнө салды
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Гүласыл Садырбаева 72 жаш курагында дүйнө салды.
Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айылында туулган.
Гүласыл Садырбаева көп жылдар бою биология сабагынан мугалим болуп иштеп, 2010-жылы парламентке депутат болуп шайланат.
Ал маданий жана саясый ишмер Дооронбек Садырбаевдин карындашы.
Aldaba.kg редакциясынын жалпы жамааты Гүласыл Садырбаеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.