Кечээ кечинде Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалды
Жаш кызды Киа К5 үлгүсүндөгү унаа менен Баткен облусу тарапка алып кетишкен. Кыздын ата-энеси милицияга кайрылып “Перехват” планы жарыяланган.
Натыйжада машина Ноокат районунан кармалды. Анын айдоочусу 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон. Иштин материалдары РИИБге өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, кызды Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну А.у алып кеткен.
Тергөөнүн жүрүшүндө эркек кызды эмне үчүн ала качканы такталат», - деп айтылат маалыматта.