Тик-Ток социалдык түйүнүндө кичинекей кызына сыра ичирген келин кармалды

Тик-Ток социалдык түйүнү аркылуу кичинекей кызына сыра ичирген келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.Г. аттуу жаран 29 жашта, ал Ошко Сүлүктү шаарынын 17-февраль күнү келген.

“Ал түз эфирде кылган жоругун  хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн  жасагандыгын айткан.  Милицияга мынчалык тез кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады”, — дейт ички иштер башкармалыгы.

Окуяга юридикалык баа берүү үчүн маалыматтар тергөө кызматына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн  Тик-Ток колдонуучусу түз эфирге чыгып, анда кичинекей кызын уруп, сыра ичирип, азык-түлүккө акчасы жетпей жатканын айтып, элдерден акча талап кылган.

 

15:53, 20-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар