Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда

Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.

Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму "Трансевразиялык маршрут" долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.

Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи.

"Жалпы инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллар. Долбоор өлкөдө жумуш орундарын түзүп, транспорттук тармакты жакшыртып, экономикалык пайда алып келет", — деди Иманов.

Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.

14:56, 19-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар