Ошто үйдү буздуруу учурунда 11 жашар кыз жаракат алды

Ошто үйдү буздуруу учурунда 11 жашар кыз жаракат алды

Ошто 12-апрелде Навои көчөсүндө жол боюндагы үйлөр буздурулуп жатканда 11 жашар кыз жаракат алды. Бул тууралуу жабыркаган кыздын тайэнеси  Клооп басылмасына билдирген. Анын айтымында, мэриянын кызматкерлери үйдү бузууга келгенде кыз үйдө жалгыз болгон. 

«Мен ооруканада болуп, үйдө жок элем. Кошуналар “бул үйдө жашаган аялдын майыптыгы бар, жолдошу да, эркек баласы да жок. Азыр үйүндө жок экен тийбегиле, күтө тургула” дешкен экен. Бирок ага карабастан бузушуптур. Ошол учурда канализациянын жанындагы суу атылыптыр. Үйдө 11 жаштагы неберем калган. Ал сууну жабам деп жатканда, башына бир, колуна дагы бир кум блок түшүп кетип, эс-учун жоготуп коюптур», 

— деди ал.

Ош ШИИБден бул факт катталып, учурда текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

21:33, 15-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар