Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, чектөө бүгүн, 23-ноябрда таңкы саат 4:30дан тарта киргизилди. Буга аба ырайы кескин өзгөрүп, ашууларда бурганактап кар жаап жатканы себеп.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунда кар катуу жаап жатат. Жол тейлөө ишканаларынын кызматчылары жолго кум, шагыл чачып, өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды, ашууларды толук көзөмөлдөп жатат.