3 жашар кыздын өлүмү. Дарыгерге коюлган жазага депутат нааразы болууда (Видео)

КММАнын медициналык борборундагы стоматологияда 3 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергөө көзөмөлгө алынсын, — деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Камила Талиева.

Эл өкүлү анестезиолог Айнура Т.га коюлуп жаткан айыпты сынга алды.

Конституцияда бала — эң зор байлык деп жазылып турат. Кыздын ата-энеси митингге чыгып, дарыгерлерди жазалоону талап кылып жатышат. Эч бир эне баласын жоготуп ыйлабасын. Кечээ сот дарыгерди үй камагына чыгарыптыр, ага "өтө эмес кылмыш"  беренеси менен айып тагылыптыр. Баланын өлүмү — оор эмес кылмышпы? Президенттен иштин жүрүшүн жеке көзөмөлгө алууну суранам, — дейт  депутат.

11:14, 01-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар