Ош базардан №19 автобус убактылуу авто бекетке чейин каттайт
Бишкекте жаңы №19 автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мэрия билдиргендей, ал автобус Ош базарынан Бишкектин батыш тарабындагы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган унаалар үчүн убактылуу ачылган бекетке чейин барат.
Ошондой эле аталган унаа бекетке чейин №13, 40 муниципалдык автобус каттамдары жана №258 кичи автобус дагы каттайт.