“Балыкчы эт комбинаты” мамлекетке өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Балыкчы эт комбинаты” ишканасынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ишкананын жалпы аянты 10,7 гектарды түзөт.

Атайын кызматтын маалыматында, 1995- 1996-жылдары “Кыргызтрансавто” ишканасынын ошол убактагы төрагасы У.С.И айрым кызмат адамдарынын жардамы менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен аталган ишкананы жер тилкеси менен кошо мамлекеттин балансынан мыйзамсыз чыгарганы аныкталган.

17:07, 26-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар