Кыргызстан жалпы 6 медаль менен Олимпиаданы жыйынтыктады
Кыргызстан бул жылы Парижде өтүп жаткан Олимпиаданын алкагында жалпы алты медалга ээ болду. Олимпиадага жалпысынан 16 спортчу катышкан. Алардын арасында 4 спортчу коло, 2 спортчу күмүш медаль тагынды.
Тизме:
Мунарбек Сейитбек уулу — күмүш (бокс)
Мээрим Жуманазарова — күмүш (кыз- келиндер күрөшү),
Жоламан Шаршенбеков -коло (грек-рим)
Акжол Махмудов — коло (грек-рим),
Үзүр Жусупбеков — коло (грек-рим),
Айсулуу Тыныбекова — коло (кыз-келиндер күрөшү)