Сот Ахрор Иминовду УКМКнын СИЗОсуна калтырды
Кыргызстандын грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов тергөө учурунда камакта калтырылды.
Биринчи Май райондук соту ал 4-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсунда болоорун билдирди.
Ал мыйзамдагы ууру делген Камчы Асанбектин [Көлбаевдин] уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаган деген шек менен кармалган. Ноябрдын аягында ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Бирок, ал декабрь айынын аягында кайрадан СИЗОго киргизилген.