Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун инвестициялык портфелинде 1 миллиард доллардан ашык 80 долбоор бар

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун инвестициялык портфелинде 1 миллиард доллардан ашык 80 долбоор бар. Бул тууралуу 16-октябрда Мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча 3-эл аралык конференцияда Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди.

“2024-жылдын башынан бери МЖӨ долбоорлору боюнча 300 миллион долларга жакын суммага 20дан ашык келишимге кол коюлду”, - деди Иманов.

Талантбек Иманов белгилегендей, МЖӨ конференциясы күчтөрдү бириктирүү, биргелешкен натыйжалуу сунуштарды жана пландарды түзүү, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо тармагында дагы бир катар МЖӨ долбоорлору ишке ашырылууда – гемодиализ, компьютердик томография, литотрипсия борборлору түзүлдү. Пренаталдык скрининг жана медициналык реабилитация боюнча долбоорлор даярдалууда.

15:07, 16-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар