Бишкектеги дааратканадан ымыркайдын денеси табылып, шектүү кыз кармалды

Бишкектеги дааратканадан ымыркайдын денеси табылып, шектүү кыз кармалды

Бишкек шаарындагы имараттардын биринин дааратканасынан ымыркайдын сөөгү табылгандан кийин шектүү кыз Кара-Балта шаарынан кармалды. Бул маалыматты Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 20-февралда саат 09:57де милицияга Киев көчөсүндөгү имараттын дааратканасынан 5-6 айлык болуп төрөлгөн баланын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Анын алкагында 2000-жылы туулган К.С. шектелип кармалды. Тиешелүү иштер улантылып жатат.

16:03, 20-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар