Шаардык сот Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

Шаардык сот Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

 

Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Экс-депутат чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты.

 

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза колдонулган эмес. 

 

Мадумаровго Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” жана талапкерден 50 миң доллар алган деп, алдамчылык айыбы тагылган.

17:54, 10-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар