Марк Цукерберг байлыгы боюнча Жефф Безосту ашып өттү
Марк Цукерберг байлыгы боюнча Жефф Безосту ашып өттү
Facebookтун негиздөөчүсү жана Meta компаниясынын башчысы Марк Цукерберг байлыгы боюнча Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Жефф Безостан ашып өтүп, Bloomberg миллиардерлеринин рейтингинде экинчи орунду ээледи.
Цукербергдин байлыгы азыр 206 миллиард долларга бааланууда. Бул Безоско караганда бир миллиардга көп.
Биринчи орунду 256 млрд доллар менен Tesla компаниясынын негиздөөчүсү жана X социалдык тармагынын ээси Илон Маск ээлеп турат.
Цукерберг бул жылы байлыгын 78 миллиард долларга көбөйтүүгө жетишти, бул негизинен Meta акцияларынын наркынын жогорулашынын эсебинен. Алар жыл башынан бери 60%дан ашык кымбаттады.