Кыргыз кызы Орусияда өткөн сулуулар сынагын жеңип алды

Марина Кайпердиева Россиянын улуттар аралык «Мисс Азия Сибирь-2023» сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу Красноярск аймагындагы диаспора өкүлдөрү билдиришти.

Сынакка 17 кыз катышып, алардын ар бири өз улутунун маданиятын жана каада-салтын көрсөткөн.

Марина Кайпердиева “Манас” эпосу боюнча айтып берип, кыргыз улуттук бийи менен калыстардын мыкты баасына арзыды.

09:59, 27-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар