Элчи, аким, мамкызматкер: Мариповдордун кланы тууралуу
7-канал учурдагы элчи, мурдагы өкмөт башчы Улукбек Марипов жана анын бир туугандары тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Анда Мариповдордун үй бүлө мүчөлөрү ээлеген кызматтар, баскан жолу, байланыштары тууралуу айтылган. Марипов менен учурда издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевдин байланыштары да камтылган.