Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасын өзү колдонот

Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасын өзү колдонот.

Президенттин  басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, Садыр Жапаровдун X тармагындагы аккаунту тууралуу «Фейк эмеспи» деген көптөгөн суроолор түшкөн.

Президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.

Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет.

Учурдан пайдаланып, урматтуу ЖМК өкүлдөрүн жана соцтармак колдонуучуларын расмий аккаунтка жазылууга чакырам: https://x.com/sadyrzhaparovkg«, — деп жазды ал.

16:17, 07-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар