Бишкекте күйөөсү сүйүшкөндөр күнүндө аялын сабаган
Бишкекте күйөөсү сүйүшкөндөр күнүндө аялын сабаган
Социалдык тармактарда борбор калаанын тургуну күйөөсүн системалуу түрдө сабап жүргөнүн жарыялаган. Бул боюнча Свердлов РИИБи иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Милициянын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын тургуну 14-февралга караган түнү “Учкун” конушундагы үйлөрдүн биринде күйөөсү сабап салганын айтып милицияга кайрылган. Тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган К.А. суракка алынган. Учурда экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет. Ал эми арыз ээсине коргоо ордери чыгарылган.