Орусия менен Кытайдын деңиз күчтөрү биргелешкен даярдык өткөрүшүүдө
Орусия менен Кытайдын деңиз күчтөрү биргелешкен даярдык өткөрүшүүдө
НАТО союздаштары Пекинди Украинадагы согуштун “чечүүчү көмөкчүсү” деп атагандан бир нече күн өткөндөн кийин, Кытай менен Орусиянын деңиз күчтөрү, жекшемби күнү, Кытайдын түштүгүндөгү аскердик портто биргелешкен машыгууну баштады, деп билдирди расмий Синхуа агенттиги.
Кытайдын Коргоо министрлигинин кыскача билдирүүсүндө, эки тараптын күчтөрү Тынч океандын батыш жана түндүк бөлүгүн күзөткөнүн, операциянын эл аралык жана аймактык кырдаалга эч кандай тиешеси жок экенин жана эч бир үчүнчү тарапты бутага албаганы айтылат.