Энергетика министрлиги жылуулук жана ысык сууга болгон тариф саясатын кайра карап чыгууну сунуштоодо

Энергетика министрлиги жылуулук жана ысык сууга болгон тариф саясатын кайра карап чыгууну сунуштоодо

Министрлик азыркы тарифтер ысык суу менен жылуулукту өндүрүүгө жана берүүгө кеткен чыгымга дал келбей турганын айтууда. Ошондуктан тарифтерди  өзгөртүү керек. 

Энергетиктер 80 чарчы метрге чейинки турак жай үчүн социалдык норма деп аталган нерсени киргизүүнү сунуштап жатышат. Башкача айтканда турак жай аянты көбүрөөк болгондор үчүн социалдык нормадан ашкан ар бир чарчы метрге тарифтер эсептелет. Бул түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин абоненттер учурдагы тариф боюнча төлөшөт. Айтмакчы, алар жыл сайын 10% көбөйүп турат. Кийинки жогорулоо 1-июнда болот.

10:35, 24-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар