Даниел Ажиевдин апасы унаасы менен Ак үйдүн (Ынтымак Ордо) дарбазасын сүзүп алды

Веб-кам студиясынын негиздөөчүсү Даниел Ажиевдин апасы Лексус үлгүсүндөгү унаасы менен жаңы салынган “Ак үйдүн (Ынтымак-Ордодарбазасын сүзүп алганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Сайкал Ажиева коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган. Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иш алып барып жатат.

Буга чейин Ажиевдин апасы мамлекет алардын 3 батири, 2 үйү жана 4 унаасын тартып алганын социалдык тармактар ​​аркылуу билдирген.

 Ал белгилегендей, келини үч кичинекей баласы менен бара турган жери жок.

16:01, 17-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар