Депутат санарип министрине  коррупционерлерди кайра алып келгенин айтты (Видео)

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында Надира Нарматова билдирди.

Эл өкүлү бул маселе тууралуу арыздар арбын түшүп жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, экс-министр Талантбек Имановдун убагында санарип министрлигинин көптөгөн кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалган. Депутат учурда аталган министрликте кызматтан алынган кызматкерлер кайрадан орношуп, иштеп жатканы туурасында маалымат бар экенин айтты.

Ошондой эле ал санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага бул тармактын адистери мамлекеттик тилден аксап жатканын, бул маселени жакынкы аралыкта чечүү керектигин эскертти.

10:32, 16-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар