Кыргызстанда эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча бир айлык башталды
Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна алып келүүчү тобокелдик факторлорун аныктоого багытталган “Жооптуу бол!” республикалык бир айлык башталды. Иш-чара "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.
Иш чара жугуштуу эмес ооруларды, башкача айтканда жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабетин аныктап, дарылоого багытталган.
"2022-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52,1%ын түзгөн, ал эми рак (12,2%) экинчи орунда туруп, андан кийин өпкө оорулары (5,5%) болуп турган. Туура эмес тамактануу (өзгөчө тузду көп колдонуу, жашылча-жемиштерди жетишсиз колдонуу), тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү жугуштуу эмес оорулардын эң кеңири таралган алдын ала турган тобокел факторлору болуп саналат.
Бир айлыктын негизги максаты - жугуштуу эмес ооруларды жана алардын татаалданышын алдын алуу ошондой эле бул ооруларды алгачкы стадияларында аныктоо үчүн Кыргызстандын эркектерин баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине тартуу",- деп айтылат маалыматта.
2022-жылкы бир айлыктын алкагында өлкө боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына 367 минден шык эркек кайрылган. Алардын ичинен 79 миңи баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы 3 жылда биринчи жолу кайрылышкан. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы эркектердин камтылышы республикада жашаган 18 жаштан жогорку эркектердин жалпы санынын 20% түздү.
Белгилей кетсек, акция биринчи жолу 2019-жылы өткөрүлгөн.