Саидбек Зулпуев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Борбордук шайлоо комиссиясы Банктарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин мурдагы директору Саидбек Зулпуевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады.

Ал Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка аттанды. Боронбаев буга чейин мандатын тапшыруу боюнча БШКга өзү арыз берген.

Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Москвадагы Плеханов атындагы Россиянын экономикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

1993-1995 ―"Кыргызгипроводхоз" долбоорлоо институтунда жетектөөчү адис, жетекчинин орун басары;

1995-1997 ― Агроөнөр жай комплекси башкармалыгынын башкы адиси;

1997 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө жетекчи;

1997-2000 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө бюджет боюнча бөлүм башчы;

2000-2001 ― Финансы министрлигинин Чүй облустук бюджеттик бөлүмүндө жетекчи;

2001-2007 ― Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында директордун орун басары;

2007-2011 ― Финансы министрлигинде министрдин орун басары, борбордук казынанын директору;

2012-2021 ― Банктарды жоюу боюнча агенттикте директор.

 

 

10:07, 15-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар