Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду
Казакстандын Алматы шаарында 30-ноябрдын таңында хостелден чыккан өрттөн 13 киши каза болду.
Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып жазды.
Алдын ала маалыматта, үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы хостелди өрт чалган. Анда 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Дагы үчөө ооруканага жеткирилди.